Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:13

ОшМУга Айтматовдун айкели орнотулду


Ош мамлекеттик университетинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" университеттин маалымат катчысы Керимбек Калыкулов кабарлады. Айкел ОшМУнун башкы корпусундагы музейге коюлду. Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп ачылып жаткан Айтматовдун эстелигинин экинчиси жакын арада ОшМУнун филология факультети жайгашкан №2 окуу корпусуна коюлат. Эстеликтерди маданиятка эмгек сиңирген ишмер, ОшМУнун профессору, белгилүү бедизчи Токтобай Жумакулов жасаган. (RK)

XS
SM
MD
LG