Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Кембрижде кыргыз адабий кечеси өтөт


Казат Акматовдун "Мунабия" жана "Шахидка" чыгармалары басылган англисче китеп.
Казат Акматовдун "Мунабия" жана "Шахидка" чыгармалары басылган англисче китеп.
Англиянын Кембриж шаарында бүгүн кыргыз адабий кечеси өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" кечени уюштуруп жаткан "Хартфордшир Пресс" басмаканасынан маалымдашты. Британ окурмандарына Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовдун "Шахидка" жана "Мунабия" атуу эки чыгармасы жана Рахим Каримовдун "Камила" романы боюнча талкуулар уюштурулат. Аталган китептер Британияда англис тилинде жарык көрмкчү.

Алардан тышкары, кыргызстандык жазуучулар Турусбек Мадылбайдын, Шахсанем Мюррейдин (Мүррей), Бегенас Сартовдун, Рахима Абдувалиеванын жана Нур Мухамад Карахандын чыгармалары тууралуу сөз болот.

Британияда кыргыз адабиятына болгон кызыгуу артып, Казат Акматовдун "Эрика Клаустун 13 кадамы" китебинин англисчеси июнда жарык көргөн. Ошонун ийгилиги менен дагы эки чыгарма англисчеге которулду.

Кембриждеги адабий кече Борбор Азия китеп форумунун алкагында өтүп жатат. Форум 7-ноябрда Лондондо бул өлкөдөгү кыргыз элчилигинин колдоосу менен башталган. (BAz)

XS
SM
MD
LG