“Хаккани” согушкер тобунун жетекчилеринин бири ок жеп каза тапты. Кабар агенттиктери маалымдагандай, уюмдун негиздөөчүсү Жалалуддин Хакканинин уулу Насируддин Хакканини кечээ Исламабадда машинеде бараткан жеринен атып кетишти. 2010-жылдын июнунда АКШ маркумду жана дагы эки ооганды “глобалдуу алкакта иш жүргүзгөн террорчулардын “кара тизмесине” киргизген. Вашингтон ошондой эле уюмду Ооганстандагы ири кол салууларды уюштургандыгы үчүн айыптап келет.