Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Биринчи дүйнөлүк согуштун 95 жылдыгы белгиленди


Европа өлкөлөрү Биринчи дүйнөлүк согуштун аяктаганынын 95 жылдыгын белгилешүүдө. Урушка чекит койгон жарашуу келишимине кол коюлган саат 11де Британияда миллиондогон жоокерлер менен карапйым кишилерди үн чыкпай эскеришти. Франциянын президенти Франсуа Олланд Париждеги Триумфалдуу аркага гүл чамбар койду. 1914-18-жылдаркы согуштун көпчүлүк салгылашуулары Франция менен Бельгияда болгон. Ал Осмон, Орус, Германия жана Австро-Венгрия империяларынын кыйрашы менен аяктаган. Уруш болжолу менен 16 миллиондой кишинин өмүрүн алып кеткен. Акыркы ветеран – британиялык Флоренс Грин былтыр 110 жашында көз жумган.

XS
SM
MD
LG