Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаттарынын өтүнүчү менен кылмышка шектүү делген жарандын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Салык кызматынын Майлуу-Суудагы башкармалыгынын бөлүм башчысы 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Териштирүү учурунда ал киши жеке ишкерлердин биринен 200 миң сом талап кылганы аныкталган. 5-ноябрда ага карата кылмыш иш козголуп, милициянын убактылуу кармоочу жайына камалган. Бирок 7-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту депутаттардын өтүнүчүн канааттандырып, кылмышка шектүү жаранды үй камагына чыгарды. (RK)