Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

Бишкектин Сүйөркулов көчөсү оңдолуп бүттү

Бишкектин эң көп талкаланган унаа жолдорунун бири - Сүйөркулов көчөсү оңдолуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн шаар мэриясынан кабарлашты. Оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу салтанат эртең мэр Иса Өмүркуловдун катышуусу менен өтөт. Сүйөркулов (мурдагы Донецкая) көчөсү Орто-Сай базарын бойлой өтөт. Каттаган унаанын көбү эл ташыган маршруттук таксилер жана автобустар. Бул жолдун эскилиги жетип, тешилип бүткөндүктөн жүргүнчүлөр аны "өпөң-чычаң" деп атап койгон. Оңдоо иштери июл айында башталган. Унаа жол менен катар Орто-Сай базарынын чети тазаланып, жаңы отургучтар, асма шамдар орнотулду жана гүл отургузулду. (RK)
XS
SM
MD
LG