Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Ооганстандагы кырдаал талкууланат


13-ноябрда Бишкекте Жогорку Кеңеш менен НАТОнун парламенттик ассамблеясы “Ооганстан жана аймактын келечеги: глобалдык кызматташуу” аттуу жыйын өткөрөт. Анда антитеррордук коалиция жана АКШнын куралдуу күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки Борбор Азия аймагындагы кырдаал талкууга алынат. Жыйынга кыргыз өкмөтүнөн, эл аралык уюмдардан жана Ооганстандын Улуттук ассамблеясынан өкүлдөр катышат.

Кечээ ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков Ооганстандын Улуттук ассамблеясынын төрага орун басары Мирваис Ясинини кабыл алган. Жолугушууда тараптар
Ооганстандагы коопсуздук маселеси – бир эле өлкөнүн эмес, бүтүндөй аймактын көйгөйү экенин белгилешти.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөр Ооганстандан 2014-жылы чыгып кетет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG