Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

Парламент "Кыргызгаз" маселесин карайт


Бүгүнкү отурумунда парламент “Кыргызгаз” боюнча Орусия менен келишимди кароосу күтүлүүдө. “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу жөнүндө Кыргызстан менен Орусия өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу буга чейин парламенттин тиешелүү комитеттеринде каралып, жалпы отурумда кароого жиберилген. Эми келишим Жогорку Кеңеш менен Думанын макулдугун алса, “Кыргызгаз” ишканасы толугу менен Орусиянын “Газпром” компаниясынын карамагына өтөт.

Макулдашууга ылайык, орус тарап анын ордуна «Кыргызгаз» ишканасын түзөт. 5 жыл аралыгында “Кыргызгазга” тиешелүү газ өткөргүчтөрдү жаңыртуу үчүн 20 млрд рубль, газ корун чалгындоо иштерине 100 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция салууга тийиш. Ошондой эле ишкананын дебитордук жана насыялык карыздарын төлөө да жаңы ишкананын моюнуна жүктөлгөн. Газдын баасы улуттук мыйзамдардын чегинде, кыргыз тарап менен макулдашуу аркылуу гана чечилет.

“Кыргызгаз” ишканасынын 300 миңден ашуун кардары бар. Өлкөдөгү газ түтүктөрүнүн 80 пайызы алмаштырылууга муктаж. Эки тараптуу макулдашуунун жарактуу мөөнөтү - 25 жыл.

«Кыргызгаздын» 87,97 пайызы – мамлекеттин үлүшү, Соцфонд 4,6 пайыз акцияга ээлик кылат, ал калган бөлүгү жеке жактарга тиешелүү. Кыргызстан аймагында 3574 чакырым газ түтүгү бар. Кыргызстан жылына 1 млрд куб метр газ пайдаланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG