Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Бишкекте түрк студенти өз жанын кыйды


Бишкекте "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин даярдоо бөлүмүнүн 20 жаштагы угуучусу, түрк жараны Мехмет Эроглу өз жанын кыйды. Окуя кечээ кечинде окуу жайдын жатаканасында болгонун бүгүн "Азаттыкка" Бишкек милициясынан кабарлашты. Ал гуманитардык факультеттин кытай тили боюнча даярдоо бөлүмүнө быйыл өткөн. Чогуу жашаган балдардын айтымында, сууга түшөм деп жуунчу бөлмөгө кирип кеткен бойдон чыкпай калган. Ал батареяга байланган жипке асынып өлгөнү аныкталды. Милиция "өз жанын өзү кыйган" деген бир гана версияны караштырып жатат. Себеби Мехметти жакындан тааныгандар ал соңку кезде өлүм тууралуу көп айтып калганын билдирүүдө. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, териштирүү башталды. (RK)
XS
SM
MD
LG