Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

FBI өкүлү кыргыз милициясы менен жолукту


Бишкекте АКШнын Федералдык иликтөөлөр бюросунун (FBI) Борбор Азия боюнча өкүлү Нгуен Зуй менен Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Бакытбек Жусубалиевдин жолугушуусу болуп өттү. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө тууралуу сөз болду. Кылмыштардын бетин ачууда экспертизанын түрлөрүн жүргүзүү үчүн заманбап шарттын болушу керектиги айтылды. Америка тарап бул багытта колдоо көрсөтүүнү уланта берээрин, Эксперттик-криминалисттик борборду тиешелүү аппаратура жана усулдук материалдар менен жабдуу жагынан жардам берилээрин айтты.(RK)

XS
SM
MD
LG