Бишкекте бул күндөрү кант диабетин аныктоо боюнча атайын акция өтүп жатат. Каалоочулар шаардык эндокринология диспансерине келип канындагы глюкозанын деңгээлин бекер текшертип кетсе болот. Бул иш-чара 14-ноябр - Диабетке каршы бүткүл дүйнөлүк күнгө карата өткөрүлүп жатат. 15-ноябрга чейин каалоочулар саат 7:30дан 10го чейин диспансерге келип текшерилсе болот. Кыргызстандын Диабетикалык жана эндокринологиялык ассоциациясынын маалыматы боюнча өлкөдө 37 миң киши кант диабетине чалдыккан. Алардын 250сү - балдар. Диабет оорусу айыкпайт. Анын кесепети тийбеш үчүн оорулуу адам ар дайым дары ичип турушу зарыл. (RK)