Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Мигранттар биримдигинин жетекчисине кол салуу боюнча бир киши кармалды


Москвада Орусиянын Мигранттар федерациясынын төрагасынын орун басарына болгон кол салууга байланыштуу 24 жаштагы аял кармалды. Ал Маис Курбановду аткан топтун арасында болчу деп шектелүүдө. Окуя дүйшөмбүнүн кечинде Курбановдун Москвадагы үйүнүн жанында болгон. Теги азербайжандык Курбанов азыр ооруканада жатат.

Мигранттар федерациясынын дагы бир мүчөсү Мухаммад Аминдин айтымында, ал жакында Орусиядагы ксенофобияны, улутчулдукту катуу сындаган. Москванын Бирюллево районунда бир айдай мурун болгон окуялардан кийин мыйзамсыз жүргөн эмгек мигранттарына каршы чаралар күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG