Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

"Кумтөрдөн" акча талап кылды делгендердин соту башталды


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" ишканасынан үч миллион доллар талап кылган деген айып менен кармалгандардын соту башталды. Кабарчыбыздын айтымында, сотко судья Алмаз Молдобаев төрагалык кылууда. Соттолуучуларды адвокат Чынара Жакупбекова жактап жатат жана коомдук жактоочу катары Эсен Койчуманов менен Эркин Булекбаев катышууда.

Быйыл августтун этегинде Жети-Өгүз районундагы Саруу айылынын тургундары Эрмек Курманов менен Бактияр Жунушбаев “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден ири суммадагы акча талап кылды деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган. Алар өзүлөрүн күнөөсүз деп эсептейт. Башаламандык уюштурган жана акча доолаган деген айып менен Курманов менен Жунушбаевге айып расмий түрдө тагылып, иш сотко өткөн. (MiT/RK)

XS
SM
MD
LG