Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:40

Жоголгон ымыркай Асанбай кичи районунан табылды


Бишкек шаарынын №4 төрөт үйүнөн жоголгон ымыркай табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын инспектору Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын айтымында, ымыркай ошол эле төрөт үйүнүн башка бөлүмүндө дарыланып жаткан бейтап аялдын Асанбай кичи районундагы үйүнөн бүгүн табылды.

Ымыркай өткөн айда туулган. Энеси операция болуп, башка ооруканада жаткандыктан аны төрөт үйүндө багып жатышкан. Баланы жаткан жеринен 5-ноябрда таппай калышкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG