Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:40

Москвада акчасын алдырган жарандын абалы туруктуу


Москванын “Шереметьево” аэропортунда ири суммадагы акчасын алдырган бишкектик жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлү Ибрагим Асанов билдирди. Анын айтымында, жабыркаган Виталий Запрягаев жаткырылган оорукананын кире беришине кароол коюлгандыктан, өзү менен жолугууга мүмкүн болгон жок:

- Абалы туруктуу. Астында күзөтчүлөр турат, киргизбей коюшту. Кылмыш иш козголду. Азырынча тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берише элек.

Виталий Запрягаев Бишкектен Москвага кечээ эртең менен учуп барган. Колундагы баштыкта 1 миллион 600 миң доллар бар болчу. Аэропорттун VIP-залынан чыгып баратканда аны белгисиз бирөөлөр эки жолу атып, баштыгын жулуп кеткен. Айтымында, акчаны ал Москвадан батир сатып алуу үчүн чогулткан. (RK)

XS
SM
MD
LG