Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:16

Квасьневский: Москва Украинага бут тосту


Евробиримдиктин Украинага жиберилген чабарманы Александр Квасьневский жергиликтүү маалымат агенттиги аркылуу Украина биримдиктин 28-29-ноябрда Вильнюста боло турган жыйынында келишимге жетишпесе, анда Евробиримдикке кошулуу мүмкүнчүлүгүн белгисиз мөөнөткө чейин күтөрүн эскертти. Ал бул тууралуу Украин парламенти эркинен ажыратылгандарга чет мамлекеттен дарыланууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору тууралуу талашып-тартышкандан кийинки күнү айтты. Квасьневский ошондой эле Орусияны Украинанын Евробиримдикке кирүүсүнө бут тосууга аракеттенип “катачылык кетирди, Москва анын Бажы биримдигине кирүүсүн каалайт” деп айыптады.

Евробиримдик учурда камакта жаткан экс-премьер Юлия Тимошенконун иши саясий мааниде деп эсептейт жана ошондой эле анын Германияга барып дарылануусуна мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбоорун Украинанын Евробиримдикке кирүүсүнө бирден-бир шарт түзүүчү алгачкы кадам катары санайт.

XS
SM
MD
LG