Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Египет АКШны Орусияга алмаштырбайт


Египеттин Тышкы иштер министри өлкө жаңы союздаш издебегенин билдирди. Ал бул тууралуу бейшембиде Орусия делегациясы менен жолуккандан кийин айтты. Набил Фахминин айтымында Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуу Москва менен байланышты күчөтүү максатына ээ.

Лавров жолугушууну тарыхый деп атап, Москва Египетти ийгиликтүү экономикасы, эффективдүү саясий системасы бар мамлекет катары көрүүнү кааларын билдирген.

Мурдараак маалымат каражаттары орус делегациясынын негизги максаты Египетке курал-жарак сатуу боюнча келишимге жетишүү болгонун жазып чыгышкан. Интерфакс болсо “Рособоронанын” аткаминерине шилтеме кылып, Каир сүйлөшүүлөрүндө эч кандай аскердик келишимдерге кол коюу болбогонун айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG