Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Нарында Майыптар күнүнө карата акция өтөт


16-ноябрда Нарында “Кайдыгерликке каршы жүрүш” акциясы өтөт. Иш-чара 20-ноябр - Балдар күнүнө жана 3-декабр - Майыптар күнүнө карата уюштурулууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарындагы Балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелер коомдук бирикмесинин жетекчиси Шарапат Актанова маалымдады. Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн майып балдардын жана алардын ата-энелеринин көйгөйлөрүнө буруу. Акция “Кадам” реабилитациалык борборунан башталып, балдар жана ата-энелерге унаа менен 2-3 сааттык шаар кыдыруу уюштурулат. Чакан концерттик программа жана паркта сейилдөө каралган. Нарын облусунда 12 миң майып жашайт. Алардын 1724 - балдар. "Кайдыгерликке каршы күрөш" акциясы бул күндөрү Кыргызстандын баардык аймактарында өтүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG