Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:52

Атамбаев: тарых элдердин биримдигин чыңдайт


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган конференциянын катышуучулары менен жолукту. Илимпоздор менен жолугушуусунда президент тарыхты урматтоо мамлекет куруунун маанилүү шарты экенин белгиледи. Ал өтмүштү изилдөөдө көп этностордун жакындыгы келип чыгарын, андыктан элдердин биримдигин чыңдай турганын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Атамбаевдин пикиринде, кыргыз каганаты тууралуу илимий конференцияны жыл сайын өткөрүү керек.

15-16-ноябрда Бишкекте кыргыз каганаты тууралуу илимий конференция өтүп жатат. Ага Кыргызстандан сырткары Азербайжандын, Венгриянын, Германиянын, Кытайдын, Орусиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын окумуштуулары катышууда.

IX кылымдын ортосунда Борбор Азияда кыргыз каганаты түзүлгөн. Чыгыш изилдөөчү В.Бартольд аны “Улуу кыргыз державасы” деп атаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG