Казандын эл аралык аба майданында жарылган "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы 1990-жылы чыгарылган. Учактар реестрине ылайык, VQ–BBN каттоосу бар самолёт аты аталган авиакомпанияда 2008-жылдан бери иштетилген.
117 жүргүнчү сыйымдуулугу бар кырсыктаган Боинг–737-500 "Татарстанга" чейин жети авиакомпанияда кызмат өтөгөн. Бул – "Татарстан" авиакомпаниясынын флотундагы ушул үлгүдөгү жалгыз учак болгон. Авиакомпанияда учурда бир Боинг–737-400, эки ТУ–154 жана төрт Аэробус–319 учактары бар.
"Татарстан" авиакомпаниясынын жалгыз Боинг–737-500 учагы 17-ноябрь жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учурады. Бул тууралуу Татарстан Республикасы боюнча Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы маалымдады.
Москванын "Домодедово" аэропортунан Казанга бараткан учакта алдын-ала маалыматтар боюнча 44 жүргүнчү набыт кетти. Жүргүнчүлөрдөн тышкары, 363-рейсте 6 экипаж мүчөсү каза тапты, учакта бардыгы болуп 50 адам болгон. Росавиация өкүлдөрү самолёт эки жолу конгонго аракеттенгенин кошумчалады. Жарылуунун себептери тиешелүү органдар тарабынан иликтенет. (BAz)