Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Татар президентинин уулу авиакырсыкта каза болду


Казандын эл аралык аба майданындагы тез жардам унаалары, 17-ноябрь 2013-ж.
Казандын эл аралык аба майданындагы тез жардам унаалары, 17-ноябрь 2013-ж.
Казандын эл аралык аба майданында жарылган учакта 50 адам каза тапты. "Татарстан" авиакомпаниясынын Боинг–737-500 учагы 17-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жатканда кырсыкка учураган.

Самолёттогу 44 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү мерт кетти. Каза болгондордун арасында Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун 1989-жылы туулган уулу Ирек да бар экени маалым болду. Татар президентинин администрациясы бул маалыматты бышыктады. Татарстан президентинин Иректен башка Искандер аттуу 2008-жылы туулган уулу бар.

Жүргүнчүлөр арасында Татарстан боюнча Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчиси, 1957-жылы туулган Александр Антонов да болгону кабарланууда.

Учурда Казань эл аралык аэропорту жабык турат.

Каргашалуу 363-каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин "Татарстан" авиакомпаниясы жарыялады. Росавиация өкүлдөрү Москва – Казань каттамын аткарган самолёт конууга эки жолу аракеттенгенин кошумчалады. Жарылуунун себептери тиешелүү органдар тарабынан иликтенет. (BAz)

XS
SM
MD
LG