Бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин Түштүк Кореяга расмий сапары башталат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Сапар жүрүшүндө Атамбаев Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе баштаган өлкө жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө багытында сүйлөшүүлөр өтөт. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев Түштүк Корея-Кыргызстан ишкерлеринин бизнес форумуна катышып, сөз сүйлөйт.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 21 жыл толду. Президенттин деңгээлинде расмий сапар алгачкы жолу өткөнү жатат. Түштүк Кореяда, расмий маалымат боюнча 3,5 миңдей кыргызстандык бар. Алардын 1,5 миңге жакыны өкмөт аралык программа боюнча эмгектенүүдө.(BkA)