Steps to Success бейөкмөт уюму “Кагазсыз мектептер” долбоорун ишке киргизди. Учурда жети облуста 7 мектептин сайты ачылып, иштей баштады.
Сайттарда мектептин жалпы иш-пландары, сабактардын жадыбалы, жаңылыктар, фотобаяндар, укуктук нормативдик документтер, мектепке кабыл алуу шарттары, ийримдер тууралуу маалыматтар жазылган.
“Сорос-Кыргызстан” фондунун каржылоосу менен ишке ашкан бул долбоор мектептерде Совет учурунан бери калыптанып калган кагаз иштерин азайтууга багытталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдан кабарлашты.
Долбоор быйыл июнь-ноябрь айларында Steps to Success тарабынан жүргүзүлдү. Мындан ары, сайттарды мектеп жамааты өзү иштетет. (SE)