Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:18

Бишкекте тынчтык акциясына чыккандарды милиция кармап кетти


"Бишкек-Парк" комплексинин алдында тынчтык митингин өткөрүп жаткан “Калыс” саясий кыймылынын жети мүчөсүн милиция кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кыймылдын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди. Анын айтымында, учурда алар Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө кармалып турат. Бул боюнча милициядан азырынча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Алар "Бишкек-Парк" ЖЧКнын башкы директору Али Ихсан тарабынан аталган мекемеде маркетолог болуп иштеген Айзада Ашимбаева мыйзамсыз жумуштан бошотулду, деген негиз менен тынчтык акциясына чыгышкан. Кыймыл мүчөлөрү түрк жараны Кыргызстандын Эмгек кодексине баш ийген эмес деп жатышат.

Молдокматов билдиргендей, 19-ноябрда өтө турган акция тууралуу алдын ала милицияга жана шаардык мэрияга кабарланган.

22-октябрда жумуштан бошотулган Айзада Ашимбаева келишим боюнча ишке киргенин, бирок келишимдин бир нускасы ага берилбей туруп, 6 айдан соң жумуштан четтетилгенин айтып, “Калыс” саясий кыймылына кайрылган. (SE)

XS
SM
MD
LG