Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Нарында СПИДге каршы акция болду


“Биз СПИДке каршыбыз!” деген ураан астында 19-ноябрь күнү түшкө чейин өткөн акцияга 300дөй адам чогулду. Алгач шаардын эки башынан “СПИДке жол жок!”, “СПИДке каршыбыз!”, “СПИД менен бирге күрөш!”,- деген баракчаларды көтөргөн эки топ борбордук аянтка жөө жүрүш менен келишти.

Облустук СПИД борбору менен шаардык мэрия биргеликте уюштурган акцияга студенттер, мектеп окуучулары жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери катышты. Нарын драма театрынын актерлору СПИДге каршы сахналаштырган оюн тартуулашты.

Кыргызстанда ВИЧ илдети алгач 1996-жылы катталган. Ошондон бери бул дарт менен 5 миңге чукул киши катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG