Шоумен Бакыт Букаевдин өлүмүнө шектүү адам кармала элек. Ким экени да анык эмес. Аны өлтүргөн кишинин кармалганы тууралуу чыккан маалыматтар да чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин айрым сайттарда жана социалдык тармактарда Букаевди өлтүрдү деген шек менен анын тааныштарынын бири кармалганы жазылган болчу.
Белгилүү алып баруучу жана шоумен Бакыт Букаевди 13-ноябрда Бишкектеги батиринде өлтүрүп кетишкен. Ленин райондук ички иштер бөлүмү аны жакшы тааныган кишилер өлтүрүшү мүмкүн деген версиянын үстүндө тергөө жүргүзүп жатканын кабарланган. Жакын достору анын өлүмүнө кадимки эле талап-тоноо себеп болгонун айтышууда. (SE)