Буга чейин жасалган бир канча жолку хакердик чабуулдарга байланыштуу Бишкек мэриясынын сайтынын дареги өзгөрөт. Жаңыланган сайт 20-ноябрдан тарта ишке түшөөрүн “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, meria.kg деген аталыштагы жаңы сайттын коргоо системасы күчөтүлгөн.
Мурдагы сайт bishkekgov.in.kg деп аталчу. (SE)
Мурдагы сайт bishkekgov.in.kg деп аталчу. (SE)