Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Футбол: Кыргызстан-Азербайжан беттешинде эсеп тең болду


Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн бүгүнкү беттеште эсеп ачылган жок. Оюн 0:0 эсебинде жыйынтыкталды, аны көрүүгө 15 миңдей күйөрман келди. Казакстандык Артем Кучин судьялык кылган беттеште кыргызстандыктардан Вадим Харченко, Ахлидин Исраилов, Валерий Кичин, Дэвид Тете, азербайжандыктардан Жихан Озкара, Махир Шукюров, Вугар Надиров мыкты оюн көрсөттү.

15-октябрда азербайжандык футболчулар өз талаасында Орусиянын курама командасын кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыгышкан.

Кыргызстандык футболчулар 2007-жылы азербайжандыктар менен Казакстанда беттешип, 0:1 эсебинде утулган болчу. (SE\KMa)

XS
SM
MD
LG