Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:19

Тахрирдеги демонстранттарды таркатышты


Каирдин Тахрир аянтына чогулган демонстранттарды полиция көздөн жаш агызчу газ менен таркатты. Чогулгандар мындан эки жыл мурун аскерлердин башкаруусуна каршы болгон чыгууларда мерт кеткен 42 демонстрантты эскерүүнү көздөшкөн. Алар ошондой эле мурдагы президент Мухаммад Мурсинин бийликтен кулатылышына нааразылыгын билдиришти. Жүздөгөн киши кечээ аянтта чогула баштаган.

2011-жылдын аягында Египетте Хосни Мубарактын бийлигине каршы көтөрүлүш башталган. Мубарак бир нече айдан кийин кызматынан кеткен. Анын ордуна шайланган исламчыл Мурси болсо быйыл июлда аскерлер тарабынан кулатылган.

XS
SM
MD
LG