Расмий Веллиңтон 2015-жылдын бюджетти толтуруу максатында Жаңы Зеландия өкмөтү ээлик кылган улуттук авиакомпаниянын үлүшүн сатыкка койду. "Эйр Нью Зиленд" авиакомпаниясынын 73% акциясына өкмөт ээлик кылат, анын 20% Жаңы Зеландия жергиликтүү жана чет элдик инвесторлорго сатат. Бул тууралуу "Уолл Стрит Жорнал" жазып чыкты.
Сатыкка коюлган акциялар 5 миллиард Жаңы Зеландия долларына барабар (4.2 миллиард АКШ доллары). Сооданын жыйынтыгы ушул аптанын аягында маалым болот. Башка өлкөлөр дагы өздөрүнүн улуттук авиакомпанияларын бюджетти толтуруу максатында саткан.
Кыргызстанда болсо, "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясы өзүнүн уставдык капиталын көбөйтүү максатында жалпы суммасы 226 миллион 927 миң сомго барабар кошумча акцияларын 24-сентябрда саткан. Кошумча эмиссиядан түшкөн каражат авиакомпаниянын 2013–2015-жылдарга өнүктүрүү планын ишке ашырууга жумшалат. Андан тышкары "Эйр Кыргызстан" дагы 150 миң сомго акция сатаарын билдирген. (BAz)