Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Кыргыз-тажик суучулары жолугушууда


Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарындагы суу талашына байланыштуу жаңжалдарды азайтуу максатында уюштурулган бул жыйынга Тажикстандан 10 адис келген. Алар кыргызстандык кесиптештери менен маселени чечүү жолдорун талкуулашууда.

Баткен шаарында болуп жаткан бул жолугушууну жаңжалдардын алдын алуу боюнча Баткен облустук кеңешме комитети өткөрүүдө.

Аймакта Кыргызстандан башталган 5 дарыяны 3 өлкө бөлүшүп пайдаланат. Бул боюнча келишим 1989-жылы бекитилген. Суунун тартыштыгынан айылдар арасында жаңжал көп катталат. (JsA)

XS
SM
MD
LG