Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

АКШ-Ооганстан коопсуздук келишимин макулдашты


АКШ жана Ооганстан коопсуздук боюнча келишимдин акыркы варианттын макулдашты. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди. Ал шаршемби күнү ооган президенти Хамид Карзай менен телефондон сүйлөшүп, келишимдин соңку вариантын жактырганын шардана кылды. Бул келишим 2014-жылы Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин ооган жеринде калчу америкалык аскерлердин статусун аныкташы керек. Келишим долбоорун бүгүн 3000ге жакын аксакалдан турган Лоя Жырга талкуулайт. Лоя Жырга келишимди кабыл алат деп кепилдик берүүгө болбойт. Анда келишимдин айрым пунктарын гана өзгөртүшү мүмкүн. Андан соң ооган парламентинин кароосуна жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG