Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Бала асыроо боюнча жаңы жобо даярдалды


Жакынкы күндөрү Кыргызстандан чет элдик жарандарга бала асырап алуусун уюштурган фирмаларды каттоонун жаңы жобосу кабыл алынат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, жаңы жобонун долбоору даярдалып, өкмөт башчынын кароосуна жиберилди.

Базарбаев жаңы жободо коррупциялык иштердин алдын алчу бардык механизмдер каралганын билдирүүдө. Жаңы жобого ылайык, бала асыроо жаатында иш алып барган чет өлкөлүк фирмаларды каттоодо, ошол өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын уруксаты жана кепилдиги талап кылынат.

Былтыр балдарды чет өлкөгө асыроонун ири коррупциялык схемаларынын бети ачылган. Жетим балдарды асыроого берген чет өлкөлүк фирмадан пара алган деп айыпталган мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров 5 жылга эркинен ажыратылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG