Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Парламент баш прокурордун маалыматын угуп жатат


Башкы прокурор Аида Салянова Акматбек Келдибековдун кармалышы боюнча Жогорку Кеңеште маалымат берип, депутат мамлекеттик кызматта иштеп жүргөн кезинде мыйзам бузууларга жол бергенин, 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылганын айтты.

- Бул өтө оор кылмыш. Жоопко тартуу маселеси парламенттен көз карандысыз. Ошондуктан Келдибеков парламенттин макулдугусуз кармалды,- деди Салянова.

“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши Келдибековдун камалышын саясий куугунтук деп баалаган. Салянова бул иште саясий өңүт жок экендигин айтууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков 20-ноябрда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. (SE)

XS
SM
MD
LG