Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Лойя Жырга АКШ менен келишимди карайт


АКШ менен коопсуздук келишими жетишилсе, 15 миңдей америкалык жоокер Ооганстанда калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн президент Хамид Карзай Лойя Жырганын катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.

Улуттук Курултай “америкалык аскерлер ооган жеринде кылмыш жасашса, аларды Ооганстанда жергиликтүү соттор эмес, АКШ жазалай алат” деп жазылган документтин долбоорун талкуулашмакчы. “Кайсыл учурда америкалык аскерлер оогандардын үйүнө кирип бара алат” деген берене да талаш жаратышы мүмкүн. Карзай Кабул менен Вашингтон ортосундагы өз ара ишенбөөчүлүк маанайы өкүм сүрүп жатканын белгиледи. “Мен аларга ишенбейм, алар да мага ишенишпейт”, - деди президент.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри кээ бир маалымат каражаттары кабарлагандай, Карзай менен жолугушууда Ооганстандагы карапайым адамдардын өлүмүнө байланыштуу АКШ кечирим сурашы мүмкүн деген маселе козголгон эмес деп билдирди.

XS
SM
MD
LG