“Гринпис” уюмунун активисттери менен кошо кармалган орусиялык фотосүрөтчү Денис Синяков Петербургдагы түрмөдөн чыкты. Ушул эле күнү “Гринпис Орусиянын” маалымат катчысы Андрей Аллахвердов күрөөгө бошотулду.
Синяков мындан ары да эл аралык экологиялык уюм жана башка коомдук топтор менен мындан ары да кызматташаарын билдирди. Дүйшөмбүдөн бери Петербургдун соттору “Гринпистин” кемесинде кармалган 20 кишини күрөөгө коё беришти. Бирок радист, Австралиянын жараны Колин Расселдин камоо мөөнөтү дагы 3 айга узартылды.
19-сентябрда экологдордун “Арктик Санрайз” кемеси “Газпромдун” Арктикада мунай өндүрүшүнө каршы акция өткөрүп жатканда орусиялык аскерлер тарабынан кармалып, андагы 30 киши камакка алынган.