Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Ош-Эркеч-Там жолу ачылды


Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун ачышты. Окуяга көз салып турган кабарчыбыздын айтымында, акция катышуучулары күн суук болгондугуна байланыштуу айдоочуларды кечки саат бештен кийин коё беришти. Өздөрү түнү менен Ошол жердеги боз үйлөрдө нөөмөттө турушмакчы. Алар жол тороону эртең кайра улантарын билдиришти.

Депутатты бошотуу талабы менен чыккан 200 чамалуу киши бүгүн саат 10дордо Ош-Эркеч-Там унаа жолун Гүлчө айылына кире бериш жеринен бууган болчу. Алар жеңил машинелерди гана өткөрүп, жүк ташуучу унааларды тосуп турушкан.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев күн бою 230 чамалуу айдоочу дарегине жете албай артка кайтканын “Азаттыкка” билдирди.

Акматбек Келдибеков коррупциялык иштерде айыпталып, Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына 20-ноябрда камалган. Аны бошотуу талабы менен Ак үйдүн жанына да бүгүн 100дөй адам митингге чыгып, түштөн кийин тарап кетти.

Алайда бүгүн Келдибековду коргоо комитети түзүлгөн. Комитеттин Келдибековду бошотуу боюнча талаптарын район акими Таалайбек Сарыбашев угуп, бийликке жеткирүүгө убада берди.(SE)

XS
SM
MD
LG