Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Москва каттамындагы учак дагы деле абага көтөрүлө элек. Бул тууралуу “Манас” аба майданынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учактын бузулган тетиктери оңдолуп, учуу мөөнөтү 18.40га белгиленген. Бирок азыркыга чейин токтоп турат. Анын 150дөй жүргүнчүсү бир күнү бою аба майданынын күтүү залында отурушту. Алардын 10го жакыны учуудан баш тартты.
Бузулду делген учак “Урал аба жолдору” компаниясына таандык.(BkA)
Бузулду делген учак “Урал аба жолдору” компаниясына таандык.(BkA)