Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

Бишкек-Москва каттамындагы учак сапарга чыкты


Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Москва каттамындагы кечиккен учак бүгүн 19.02де учуп кетти. Бул тууралуу “Манас” аба майданынан кабарлашты. Негизи учак бүгүн таңкы саат 5:30да учуп кетмек. Каттам алдында учактын айрым тетиктери бузулганы байкалып, аны оңдоо иштери кечке чейин уланды. Бул маалда учактын 150дөй жүргүнчүсү аба майданынын күтүү залында отурушту. Алардын 10го жакыны учуудан баш тартты.

“Урал аба жолдору” компаниясына таандык Аэробус A321 үлгүсүндөгү учак 1999-жылы чыгарылган. “Урал аба жолдоруна” чейин учак Бельгия жана Түндүк Кипрдин авиакомпанияларында кызмат кылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG