Бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Кыргызстандагы жол коопсуздугу боюнча абал талкууланат. Анда ИИМдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев маалымат бермекчи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылдын 9 айында өлкө боюнча 5123 жол кырсыгы катталып, андан 824 адам каза тапкан. Бул сан былтыркыга караганда 33 пайызга өстү. Ал эми адам өлүмү 12 пайызга көбөйгөн.
17-ноябрда Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан 8 адам каза болуп, 23 адам жарадар болду.(BkA)