Коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Лейлек районундагы Максат-Кулунду көпүрөсү үчүн кыргыз өкмөтү бардык каражаттaрды бөлүштүргөн. Буга чейин тажик тарап көпүрө салууга макулдук берген, бирок сентябрда ал макулдашуудан баш тарткан.
Учурда бул көпүрөлөрдүн маселеси боюнча атайын макулдашуу Тышкы иштер министрлиги аркылуу Дүйшөмбүгө жөнөтүлмөй болду. Көпүрө салынса, Лейлек районунун төмөнкү аймагында жайгашкан 50 миңдей тургундун ары-бери кыйналбай катташына шарт түзүлмөк. (JsA\BkA)