Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Баумгертнердин Орусияга өткөрүлгөнү айтылууда


Беларус телеканалдары “Уралкалий” ишканасынын директору Владислав Баумгертнердин Орусияга экстрадицияланганын билдирүүдө. Ага ылайык, Баумгертнер бейшемби күнү Орусиянын күч органдарына өткөрүлүп берилди.

"Уралкалийдин" баш директору Владислав Баумгертнер сентябрь айында кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен Минскте кармалган. Ал жетектеген "Уралкалий" ушул жайда "Беларуськалий" менен биргелешкен компаниядан чыгып кеткенден кийин бул компаниянын акциялары кескин арзандап, беларус экономикасы чыгымга учураган.

Баумгертнердин экстрадицияланышы тууралуу кабар, “Уралкалий" ишканасынын акционери Сулейман Керимов компаниянын 22 пайыздык акциясын орусиялык дагы бир миллиардер Михаил Прохоровго сатууга макулдук берген соң жарык көрдү.

Ага чейин Беларус президенти Александр Лукашенко Баумгертнердин бошотулушу үчүн Керимовдон өз акцияларын сатууга үндөгөн . Ошондой эле дүйнөлүк базарда калий өндүрүшүнүн 40 пайызын ээлеген орус-беларустук компаниянын ишин кайрадан жандантуу талабын да коюп жатат.

XS
SM
MD
LG