Балыкчы шаарында 20-ноябрда эртең менен саат 9да башталган шамал он сааттан ашуун убакытка созулган. Секундасына 24-28 метрге жеткен шамал шаардагы №10 Манас орто мектебинин 25, №4 Ленин орто мектебинин 6 даана шиферин учуруп кеткен. Аталган мектептер менен кошо №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин терезелери талкаланган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн маалымдады.
Шамалдын турак-үйлөргө келтирген зыяндары азырынча белгисиз. Учурда аны аныктоо максатында Жарандык коргоо комиссиясы Балыкчы шаарында иштеп жатат. (SE)