Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Келдибековдун сотуна депутаттар киргизилбеди


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын караган сот жабык өтүп жатат. Иш Бишкектеги Октбярь райондук сотунда депутаттын адвокаттарынын катышуусунда каралууда.

Жогорку Кеңештен барган ондон ашуун депутаттын жараянга катышуусуна уруксат берилген жок. Кабарчыбыздын айтымында, сотко парламенттен Жылдызкан Жолдошева, Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев, Бөдөш Мамырова, Дастанбек Жумабеков жана башка депутаттар барышкан.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен 20-ноябрда камалган Келдибековдун тарапкерлери учурда Ош шаарындагы борбордук аянтта митинг өткөрүп жатышат. (SE\JAk)

XS
SM
MD
LG