Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Келдибеков иши: сот кеңешүүгө кетти


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын карап жаткан сот ушул тапта кеңешүүгө чыгып кетти. Жыйынтыгы бир аздан соң жарыяланат. Иш Бишкектеги Октябрь райондук сотунда депутаттын адвокаттарынын катышуусу менен жабык каралды.

Жогорку Кеңештен барган ондон ашуун депутаттын жараянга катышуусуна уруксат берилген жок. Кабарчыбыздын айтымында, депутаттар: Жылдызкан Жолдошева, Алтынбек Сулайманов, Мыктыбек Абдылдаев, Бөдөш Мамырова, Дастанбек Жумабеков жана башкалар сотко киргизилбегенине нааразы болуп, басма сөз жыйынын өткөрүүгө камданууда.

Коррупциялык иштерди жасаган деген кине менен Акматбек Келдибеков 20-ноябрда камалган. (SE\JAk)

XS
SM
MD
LG