Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Бишкекте электр кабелдери жаңыланып жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Мураталиева билдирди. Кечээ 1 километрден ашуун 6 киловольттук кабелдик чубалгы алмаштырылгандыктан, Бишкектин Медеров, Скрябин, Карл Маркс, Ворошилов атындагы көчөлөрүндө маал-маалы менен жарык өчүрүлгөн.

Бишкек шаарынын локалдык электр тармактарын жаңылоо боюнча инвестициялык долбоор “KFW” аттуу немис өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн кредиттин негизинде 2012-жылы ишке ашырыла баштады. Жалпы каралган 27 миллион евро каражаттын 15 миңи акылдуу эсептегичтерге, калганы кабелдерди жаңылоого жумшалууда.

План боюнча 76 километр 6-10 киловольттук кабел чубалгылары жаңыртылышы керек болсо, ушул тапта 60тан ашууну алмаштырылды. 2013-жылы 40 жаңы кабел ишке кирген. Мурдагы 80-жылкы коюлган электр чубалгылары азыркы кубаттуулукту көтөрө албай жаткандыктан жаңылоо иштери башталган. (AzK)

XS
SM
MD
LG