Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен балдар кайра изделүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун билдиришинче, 20 куткаруучу август айында Бишкек-Ош жолунун 372- чакырымында турган Капчыгай участогунда Кара-Суу дарыясына түшүп кеткен эки баланы кайрадан издей баштады. Издөө алардын туугандарынын өтүнүчү боюнча улантылып жатат.

Быйыл 21-августта болгон жол кырсыгында үч жаштагы М.Миталипов менен он үч жаштагы М.Юсупжанов Кара-Суу дарыясына агып кеткен. Эки бала бир нече күн изделип, табылбай калган болчу. (YA/AzK)

XS
SM
MD
LG