Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Таласта милиция ала качты делген кыз үйүнө кайтарылды


Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кечээ Таластын Кара-Буура районунун Грозный айылында милициянын аймактык инспектору кыз ала качты деген маалымат тарагандыгын, чындыгында ал кыз өз эрки менен кеткенин “Азаттыкка” билдирди. Окуяны райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги териштирип, кыз кайра ата-энесине кайтарылган жана өзү эч кандай доосу жоктугун билдирген түшүнүк кат жазып берген.

Акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаева Азима Нурдинованы ала качып кетти деп акыйкатчыга анын сүйлөшкөн жигити арыз менен кайрылганын “Азаттыкка” тастыктады. (AzK)

XS
SM
MD
LG