Египет Түркиянын элчисине өлкөдөн чыгып кетүүгө көрсөтмө бергенден кийин, Түркия Египеттин ансыз деле өлкөдө болбогон элчисин персона нон грата деп жарыялады. Египеттин тышкы иштер министрлиги кечээ Анкара Египеттин ички иштерине кийлигишүүнү токтотпой жаткандыктан, Түркиянын элчисин кетирүү чечими кабыл алынгандыгын бышыктаган.
Мунун алдында Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Египетте кулатылган исламчыл президент Мухаммад Мурсинин соттолушун сынга алып, бул өлкөдөгү кырдаалды «гуманитардык драма» деп мүнөздөгөн эле.
Түркия Мурсинин кулатылышын жана аны колдогондорго күч колдонулушун сындап чыккандан кийин, эки тарап август айында элчилерин чакырып алышкан.
Түркиянын элчиси Египетке бир нече аптадан кийин кайтып барган, бирок Египет өз элчисин Анкарага жиберүүдөн баш тартып койгон.