Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:59

Алайда буулган жол ачыла элек


Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун буушкан камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери милиция кызматкерлери басым көрсөтүп жатканын айтып чыгышты. Нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Алтынай Эшматованын “Азаттыкка” билдиришинче, милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып, айыл тургундарын митингге чыкпашын талап кылып жатышат. Бирок Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашев мындай маалыматты четке какты. Акимдин айтымында, райондук бийлик өкүлдөрү менен милиция акция катышуучуларын мыйзамды сактоого, буулган жолду ачууга үндөп жатышат. Азырынча жол ачыла элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков 22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Башкы прокуратура жетекчилик кызматтарда иштеп жүргөн учурунда мамлекеттик казынага баш-аягы 30 миллион сомдук зыян келтирген деп айыптап жаткан Келдибеков 2-ноябрда кармалган эле. Андан бери Келдибековдун тарапкерлери Алайда, Ошто жана Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүштү.(BkA)

XS
SM
MD
LG